Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Орусияда абакта отурган кыргыз жарандарын мекенине которуу маселесин караган жыйын өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын түрмөлөрүндө отурган кыргыз жарандарын мекениндеги абактарга которуу маселесин караган мекеме аралык жумуш тобунун биринчи жыйыны өтүп, негизги көйгөйлөр жана чогуу аткара турган иштер аныкталганын 3-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматында айтылгандай, бул топ быйыл январь айында түзүлгөн жана ага ТИМ активдүү катышууда.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстандын элчиликтери жана башкы консулдуктары Орусияда абакта отурган ар бир кыргыз жаранына Кыргызстанга которулуунун жол-жобосу түшүндүрүлгөн кат жөнөтүүдө” деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.

Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө абакта 1282 кыргыз жараны отурат. Алардын 1077си (1205и эркек, 91и аял) Орусиянын 74 аймагында.

Соңку жылдары Орусияда мигранттар арасында курьерлик кызмат кылып, билбестен маңзат менен кармалып калып жаткандар өтө көбөйгөнү, арасында жаштар, кыздар көп экени буга чейин парламентте бир нече жолу айтылган.

Камактагылардын туугандары аларды Кыргызстанга которуу өтө оор процедура экенин айтып келе жатышат.

Жакындан бери Орусияда абакта отуруп, Украинада каза болгон кыргызстандыктар тууралуу да белгилүү болууда.

Калкы 7 миллиондук Кыргызстандын 1,5 миллионго жакыны ушу тапта чет жактарда эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын көбү Орусияда. (RK)

XS
SM
MD
LG