Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Германия Украинага "Леопард-1" танктарын берет


Германия Украинага 88 даана "Леопард-1" танктарын экспорттоого уруксат берди. Бул тууралуу немис өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейт билдирди. Техниканын жалпы баасы 100 миллион евродон ашат. Rheinmetall өндүрүүчү компаниясынын кампасындагы танктар алдыдагы апталарда Киевге жеткирилет.

"Леопард 1" танктарын өндүрүү 1980-жылдардын ортосунда токтотулган, андан бери "Леопард 2" чыгарылат. "Леопард 1ди" дагы эле дүйнөнүн көптөгөн армиялары колдонот.

Süddeutsche Zeitung басылмасы жазгандай, эски үлгүдөгү "Леопард-1ге" ок-дарылар жетишсиз болуп калуу коркунучу бар. Украинага аскерий жардам көрсөткөн өлкөлөр бул көйгөйдү чечүүнү көздөп жатат.

Узакка созулган талкуулардан кийин январда Германия Украинага Бундесвердин запастарынан "Леопард-2" танктарын берүүгө макул болгон. Андан тышкары бул танктарды сатып алган Евробиримдиктеги өлкөлөрү кол кабыш кылмакчы. Ошентип Киев кеминде 112 даана немис танктарын алат.

Киев менен Берлин макулдашкандай, танктар дүйнөлүк коомчулук расмий тааныган украин-орус чек араларында жана Орусиянын аймагында колдонулбайт. Техника Украинанын аймагын бошотуу үчүн гана пайдаланылат. Андан тышкары, АКШ да Украинага "Абрамс" танктарынан 31ди берүүнү чечкен.

Кремль Батыштын Украинанын колдоп жатышы - "жаңжалды ырбатканы менен анын жүрүшүн өзгөртө албайт" деген турумду карманууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG