Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Таласта иш козголгон чиновниктер бюджетке 5 миллион сом кайтарды


Таластагы аткаминерлерди кармоо учуру.
Таластагы аткаминерлерди кармоо учуру.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналып жаткан Талас шаарынын вице-мэри жана шаардык кеңештин жетекчилери бюджетке 5 миллион сом кайтарып бергенин билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүүлөр тергөөдө күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды төлөп берүүгө макул болушкан.

УКМК Талас шаарынын вице-мэри Максат Байжигитов, шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбеков, шаардык кеңештин вице-спикери Азиз Курамаев жана шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Марат Долдоев кармалганын 10-январда билдирген.

Алар Талас шаардык мэриясында жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп шек саналып жатат. Расмий маалыматта анын кесепетинен 2020-2022-жылдары бюджетке 30 миллион сомдон ашык чыгым келтирилгени айтылган.

27-январда Талас облустук соту Азиз Курамаевди, 1-2-февралда шаардык сот Максат Байжигитов менен Адылбек Жусупбековду үй камагына чыгарган. Марат Долдоев камакка алынган эмес.

Талас шаардык кеңешинин депутаттары сөз болуп жаткан жетекчилерди кармоо мыйзамсыз болгонун, шаардын бюджетине ижара акыдан анчалык көп акча түшпөй турганын айтып чыгышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG