Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Улуттук банк дагы үч акча алмаштыруу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту


Акча алмаштыруу жайы.
Акча алмаштыруу жайы.

Улуттук банк мыйзам талаптарын аткарбаган үч акча алмаштыруу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулганын билдирди.

Эки күн мурда эле беш жайдын иши токтотулган. Аларга 55 миң сомдон айып салынган. Мындан тышкары лицензиясы жок акча алмаштыруу менен алектенген 10 адам 175 миң сом айыпка жыгылган.

Кыргызстанда валюта рыногундагы абалды туруктуу кармап туруу үчүн чет өлкөгө накталай долларды алып чыгууга убактылуу тыюу салынган. Өкмөттүн чечимине ылайык, чет өлкөлүк жарандар 5 миңден, Кыргызстандын жарандары 10 миңден көп доллар алып чыга албайт.

Улуттук банк ушу тапта Кыргызстандын банктарында 600 млн. доллар бар экенин кабарлаган. Анын 40% накталай акча. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG