Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Ирандын бийлиги камактагы кинорежиссёрду күрөө менен бошотту


Жафар Панахи бошотулгандан кийин, аялы менен. Иран, Тегеран.
Жафар Панахи бошотулгандан кийин, аялы менен. Иран, Тегеран.

Ирандын бийлиги кинорежиссёр Жафар Панахини камактан күрөө менен бошотту. Ал 2010-жылкы өкмөткө каршы нааразылык акцияларына катышканы үчүн алты жылга кесилген болчу.

Мурдараак Панахи анын ак экенин адвокат далилдеп бергенине карабай өзүн сотто кармап жатканына байланыштуу кургак ачкачылык кармап жатканы маалымдалган. Ирандын кинематографисттер союзу Панахини анын үй-бүлөсү, юристтер жана кино тармактагы кызматкерлер биргелешип жатып бошотушканын маалымдады.

62 жаштагы Жафар Панахи Ирандын эң белгилүү кинорежиссёрлорунун бири. Анын “Такси” деп аталган фильми 2015-жылы Берлин кинофестивалында баш байгени жеңип алган, “Үч жүз” деп аталган тасмасы 2018-жылы Канн фестивалында мыкты сценарий сыйлыгына татыган. Локарнодогу "Алтын илбирс", Венециядагы "Алтын арстан" фестивалдарында сыйланган.

Өткөн жылдын май айында Панохи Ирандагы сөз эркиндигине жана эркин чыгармачылыкка каршы репрессиянын күчөшүн айыптаган 300дөн ашуун коомдук-маданий ишмерлердин ачык катына кол койгон.

Мындан кийин 2022-жылдын 11-июлунда Панахи Тегеранда кармалып, алты жылга кесилген. Ирандын бийлиги ага 2010-жылдагы өкмөткө каршы демонстрацияларды колдогон деген айып коюлуп, алты жылга кесилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG