Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Иран өкмөтү "он миңдеген туткунга" ырайым кылганын жарыялады


Али Хаменеи
Али Хаменеи

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи өкмөткө каршы акцияларда камакка алынган “он миңдеген туткунга" ырайым кылганын билдирди. Бул тууралуу жекшемби күнү мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашты.

Расмий билдирүүгө ылайык, "киши өлтүрүүгө катышпагандарга, чет элдик агенттер менен байланышы жокторго, мамлекеттик мүлккө зыян келтирбегендерге" ырайым берилмекчи. Бул 1979-жылдагы Ислам революциясынын 44 жылдыгына арналганы айтылды.

Былтыр сентябрда Махса Амини атту кыз "хижаб кийүү эрежесин бузган" деп кармалып, Адеп-ахлак полициясында каза болгондон кийин ирандыктар аялдардын укуктарын коргоп жапырт нааразылыкка чыгышкан. Андан бери миңдеген адам кармалды, айрымдары дарга асылды. Эл аралык уюмдардын эсебинде демонстрациялар күч менен басылганда 500гө жакын адам набыт болгон. 60тан ашуун коопсуздук кызматкери көз жумган.

Тегеран эл аралык коомчулуктун айыптоолоруна реакция жасай элек. Бирок өлкөдө тутанган акциялар үчүн Батышты айыптап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG