Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:09

Казакстан Arbat.media басылмасы орус сотуна жооп бербей турганын билдирди


Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жергиликтүү Arbat.media басылмасынын Орусия сотунан чакыруу алганы боюнча билдирүү жасады.

Министрлик Орусияда кайсы бир ресурсту бөгөттөө чаралары өлкөнүн ички мыйзамдарына негизделерин, Казакстандын аймагында юридикалык күчү жоктугун белгиледи.

Казакстан менен Орусиянын ортосунда маалымат каражаттарын ишмердигине кийлигишүү боюнча макулдашуулар жок. Arbat.media казак мыйзамдарын бузган эмес.

Украинадагы согуш тууралуу жарыялаган материалына байланыштуу Arbat.media порталына Орусиянын Владимир шаарынын Ленин райондук сотуна 31-январда чакыруу келген.

Сөз "Орусиялык оккупанттар Харьков облусунда жеңилүүдө, бирок муну мойнуна алгылары келбейт" деген аталыштагы макала жөнүндө болуп жатат. Орусия “атайын аскердик операция” деп атап жаткан Украинадагы согушу тууралуу чындыкка дал келбеген, жалган маалымат жарыяланганын белгилеген.

Аrbat.media коюлуп жаткан айып негизсиз экенин билдирүүдө.

Бул казакстандык жалпыга маалымдоо каражаты Украинадагы согуш тууралуу макаласы үчүн орусиялык сотко чакырылып жаткан алгачкы окуя. Буга чейин Роскомнадзор уюмунан бир канча сайтка материалды өчүртүү тууралуу эскертүүлөр болгон.

XS
SM
MD
LG