Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Сасык тумоо көрсөткүчү бир аптада 6,4% жогорулады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда сасык тумоологондор боюнча көрсөткүч соңку бир аптада 6,4% жогорулаганын 6-февралда “Азаттыкка” Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 30-январдан 6-февралга чейинки аралыкта сасык тумоо менен 6377 бейтап катталды, бул ага чейинки аптага салыштырганда 6,4% көп.

“Бардык мектептер кадимки тартипте иштеп жатат. Оору боюнча мониторинг күн сайын жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат департамент тараткан маалыматта.

Быйылкы эпидемиологиялык сезондо сасык тумоонун А түрү катталууда.

Ал эми COVID-19 менен соңку бир аптада жети бейтап катталды, алардын бешөө ооруканага жаткырылды.

Күз-кыш убагындагы соңку сасык тумоо эпидемиясынын эң оор мезгили декабрдын ортосуна туш келген. Ага чейин ооругандар аптасына 9 миңдин тегерегинде болуп жатса, 16-декабрга карата бир күндүк көрсөткүч 9 миңден ашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG