Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Каракалпакстан окуялары: Шамшетовдун өлүмүн парламенттик комиссия иликтейт


Нукустагы окуялар маалында тартылган сүрөт. 2022-жыл, июль.
Нукустагы окуялар маалында тартылган сүрөт. 2022-жыл, июль.

Каракалпакстандагы окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн парламенттик комиссия Полат Шамшетовдун өлүмүнүн жагдайын иликтей турган болду.

Былтыр жапырт башаламандыктарды уюштуруу айыбы менен кармалып, алты жылга соттолгон Полат Шамшетов 4-февралда өлгөнү кабарланган. Башкы прокуратура анын жүрөгү токтоп калганын билдирген.

Полат Шамшетов - Каракалпакстан Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы, Каракалпакстандын биринчи жана акыркы президентинин уулу.

Комиссиянын мүчөлөрү 6-февралда Бухара облусуна келет. Алар Шамшетовдун өлүмүн, тергөө абагынын абалын текшерип чыгышат.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG