Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Өзбекстанда автоунааны "экинчи аял" деп сыпаттаган жарнамалар алып салынды


Өзбекстандын көчөлөрүндөгү жарнак такталарынан автоунааны "экинчи аял" деп сыпаттаган жарнамалар алып салынды. Бул тууралуу Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо комитети билдирди.

Расмий кабарга ылайык, Mobile Retail (Elmakon) компаниясынын "Экинчи аялыңа камкордук кыл" деген жазуу менен автоунаа аксессуарларынын рекламасы февралдын башында өлкөнүн бир нече аймагына илинген.

Комитет андагы текстти "этикага, жарнама мыйзамынын талаптарына жана коомчулукта калыптанып калган моралдык нормаларга туура келбейт" деп тапты.

Mobile Retail компаниясынын өкүлү Азиз Абдумажитов pr.uz сайтына Өзбекстанда "автоунааны экинчи аял деп айтып коюшарын" айтып, какшык аралаш жарнама "көпчүлүккө жакканын" билдирген.

Өзбекстандын мыйзамдары көп аял алууга тыюу салат. Үй-бүлөлүк кодекстин 16-беренесине ылайык, расмий никеси бар адам экинчи аял алууга же күйөөгө тийүүгө болбойт. Мыйзам бузгандар үч жылга чейин камалат.

Президент Шавкат Мирзиёев 2017-жылы нике күбөлүгү жоктордун никесин кыйган имамдар жазаланарын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG