Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Түркия менен Сирияда зилзалада каза тапкандар 2000ден ашты


Издөө-куткаруу иштери уланууда.
Издөө-куткаруу иштери уланууда.

Түркия менен Сирия чектешкен аймактагы зилзалада набыт болгондордун саны 2000ден ашып кетти.

6-февралда кечке жуук таратылган расмий маалыматта айтылгандай, набыт кеткендер Түркияда 1500гө, Сирияда 800гө жакындады.

Куткаруучулар урандылардын астында калгандарды издеп жаткандыктан, бул сандар өсүшү ыктымал.

Түрк бийлиги 5000ден көп киши жабыркап, 3000дей имарат кыйраганын кабарлады. Сириядагы жабыркагандар, кыйроолор тууралуу так маалыматтар жок.

Эл аралык медиа жазгандай, НАТОго, Евробиримдикке мүчө жана башка 45 мамлекет Анкарага жардам сунуштады. Арасында Кыргызстан, АКШ, Украина, Орусия бар. Ал эми Сирияга Иран, Орусия, Германия, Франция өңдүү бир канча өлкө көмөк көрсөтө турган болду.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG