Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 9-февралда түнкүсүн Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын бийик жерлеринде кар жаайт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Бактен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын жаайт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8,
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…+3,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -22…-27, күндүз -5…-10 градус болот.
5-февралда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз маал-маалы менен кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4°, күндүзгү жогорку температурасы 4…6° градус болот. (TAb)