Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Хатайдагы Жазгүл: Оорукана, мечитте сөөктөр жыйылып калды


Хатай провинциясы, Түркия. 8-февраль, 2023-жыл.
Хатай провинциясы, Түркия. 8-февраль, 2023-жыл.

Түркияда жана Сирияда зилзалада набыт кеткендер 11 миңден ашты, жарадарлар 50 миңден көп. Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында жер силкинүү токтой элек. Мерт кеткендердин 37% дал ушул аймакта катталган.

"Азаттык" Хатайда жашаган Жазгүл Абдыкадырова менен байланышып, ал-акыбалын сурап билди.

- Зилзалада аман калганыбызга шүгүр деп отурабыз. Хатайдын Кырхан деген районунда турчубуз. Үй-жайдын баары жараксыз. Элдин 98% көчөдө калды. Кайненемдин айылда үйү бар, биз ошол жерге келдик. Ал үй да жараксыз. Түнкүсүн балдар менен машинада уктап атабыз. Бензин да ченеп сатылгандыктан 10 литрден эле алабыз.

- Жакын тууган, кошуналардан кабар алдыңызбы?

-72 саат өткөндөн кийин кайнимди урандылардын астынан чыгардык. Мерсин шаарындагы ооруканага жөнөтүштү. Абалы абдан оор. Жакын туугандардан өлгөндөрдүн саны өтө көп. Жалгыз эле биздин Хатайда эмес Түркиянын 10 аймагында өлгөндөрдүн саны улам өсүп жатат. Элдин көчөдө баш калкалай турган жери жок. Аба ырайы суук. Түнкүсү андан суук.

Хатай шаары. 8-февраль, 2023-жыл.
Хатай шаары. 8-февраль, 2023-жыл.

- Гуманитардык жардам же куткаруучулар келдиби?

- Зилзаладан бир жарым күн өткөндөн кийин гана жардам жана куткаруучулар келе баштады. Көрсө, Хатайга кирген чоң жолдун баары жарылып кетиптир. Интернет, жарык, суу жок. Интернет болбогондон кийин үнүбүздү угуза алган жокпуз. Бүт эле Кахраманмараш, Адыяман сыяктуу аймактардагы зилзаланын залакасын жаңылыктардан көрсөтүп жатыптыр. Биз каралбай эле калдык.

Үч күн өткөндөн кийин гана ооруканадан келатып жардам алып келген унааларды көрдүк. Кичинекей балдарга куртка, бут кийим, таза суу, жууркан-төшөк алып келишти окшойт. Бирок, албетте, алар да жетишсиз. Элге чатыр, суу жана нан жетпей атат. Эң негизгиси ушул үч нерсе тартыш.

Жазгүл айым, учурда Хатайда абал кандай?

- Дагы эле казыла элек үйлөр толтура. Жакындарын урандылардын астынан чыгарууну күтүп жаткандар бар. Оорукананын, моргдун, мечиттердин ичи сөөккө толуп калды.

Кырсыктан аман-соо качып чыккандардын саны да көп. Кайним сегиз кабат үйдө жашачу. Кечээ казышты, урандылардын астынан 11 киши тирүү чыкты. Шаардын ар кайсы аймактарында казуу уланууда.

Тамак-аш жагы кандай?

- Шаардан келаткан туугандар азык-түлүк таштап кетишти. Кесме, суу май. Ошолорду балдарга бышырып берип атам.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG