Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Түркия менен Сириядагы зилзалада каза болгондор 17 миңден ашты


Хатай аймагындагы куткаруу иштери.
Хатай аймагындагы куткаруу иштери.

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор 17 миңден ашканын 9-февралда BBC кабарлады. Алардын көбү Түркияда экенин бул өлкөнүн Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) билдирди. Жараат алгандар 60 миңден ашат. Бир катар мамлекеттердин көмөгүндө куткаруу иштери төртүнчү күн катары менен уланып жатат.

6-февралда Түркиянын түштүк тарабында жана Сириянын түндүгүндө эки жолу күчү дээрлик 8 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Табигый кырсык Түркиянын 10 аймагында болду. Бул өлкөдө расмий эсепте 25 миңдей кыргыз жараны бар. Каза тапткан жана жараат алгандар арасында кыргызстандыктар жок экени өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматына айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG