Чүйдө төрт эм төрөлгөнүн бүгүн 10-февралда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, 29 жаштагы келин үч кыздын жана бир уулдун энеси болду.
Кесардык операция болгон келиндин да, ымыркайлардын да абалы канааттандырарлык экени кабарланды.
Кыргызстанда жыл сайын эм бала төрөгөн 1,5 миңдей эне катталат, алардын дээрлик көбү эгиз төрөгөндөр.
Төрт эм соңку беш жыл аралыгында былтыр жана 2019-жылы төрөлгөн болчу. (RK)