Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 10-11-февралдагы жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк жана Чапчыма ашууларында, Чычкан капчыгайында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 70-107 чакырымдарында, Красная-Горка-Акташ автоунаа жолунун 0-2 чакырымдарында кар көчкү түшүп, күрткү пайда болот.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

10-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5,

Талас жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -8…-13 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -10…-12°, күндүзгү жогорку температурасы -3…-5° болот. (TAb)

XS
SM
MD
LG