Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Орусия Украинанын түштүгү менен чыгышында чабуулун күчөттү


Украинанын Донецк аймагындагы украин жоокерлери, 4-февраль, 2023-жыл.
Украинанын Донецк аймагындагы украин жоокерлери, 4-февраль, 2023-жыл.

10-февралда Орусия Украинанын түштүгүндө чабуулун көбөйтүп, өлкөнүн экинчи чоң шаары Харьковдун стратегиялык инфраструктурасына бир нече жолу сокку урду. Запорожьенин энергетика тармагына да чабуул жасалды. Запорожьенин шаардык кеңешинин катчысы Анатолий Куртиев бир саат ичинде калаага 17 сокку урулганын, бул бир жыл мурун согуш башталагандан берки эң интенсивдүү чабуул экенин айтты. Харьковдо жергиликтүү бийлик жабыр тарткандарды жана талкаланган жайларды тактап жатат.

Эксперттер Орусия жердеги чабуулдарын күчөтүүнүн алдында аба соккуларын көбөйтүп жатканын белгилешет.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку эки күндө Лондонго, Брюсселге, Парижге барып, Киевдин өнөктөштөрүнөн аскердик жардам, анын ичинде заманбап курал-жабдык берүүнү сурады.

XS
SM
MD
LG