Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:51

Орус ракеталары Румыния менен Молдованын үстүнөн учуп өткөнү кабарланды


Украин полициясы армия атып түшүргөн орус ракетасын изилдеп жатат, 26-январь, 2023
Украин полициясы армия атып түшүргөн орус ракетасын изилдеп жатат, 26-январь, 2023

10-февралда эки орус ракетасы Украинага кирерден мурун Румыния менен Молдованын аба мейкиндигинен өткөнүн Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Валерий Залужный билдирди.

Залужный Орусия Кара деңизден учурган эки “Калибр” ракетасы Молдованын, андан кийин Румыниянын аба мейкиндигинен өтүп, Украинанын аймагына киргенин Фейсбукка жазды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнат жергиликтүү басылмага абадан коргонуу күчтөрү “башка мамлекеттин калкына коркунуч тууларын” түшүнүп, эки ракетаны тең атып түшүрбөгөнүн билдирди.

Бухарест менен Москва азырынча комментрий бере элек.

Молдованын тышкы иштер министрлиги Орусиянын Кишиневдогу элчисин чакыртканы маалым болду. Буга чейин да орус ракеталары өлкөнүн аба мейкиндигине киргени аныкталган.

10-февралда Орусия Украинанын түштүгүндө ракеталык чабуулун көбөйтүп, өлкөнүн экинчи чоң шаары Харьковдун стратегиялык инфраструктурасына бир нече жолу сокку урду. Запорожьенин энергетика тармагына да чабуул жасалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG