Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:04

Түркияда кыргыз куткаруучулары тапкан өспүрүмдүн абалы жакшы


Бириккен Улуттар Уюму апааттын толук кесепети азырынча анык боло электигин эскертти.
Бириккен Улуттар Уюму апааттын толук кесепети азырынча анык боло электигин эскертти.

Кыргызстандык куткаруучулар 11-февралда таңга маал Кахраманмараш шаарында уранды арасынан алып чыккан 16 жаштагы өспүрүмдүн абалы жакшы, оор жаракат алган эмес. Камил аттуу бул бала ошол кыйраган үйдүн 5-кабатында жашаган. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазды жана орусиялык, жергиликтүү куткаруучулар дагы катышканын билдиришти.

CNNTürk телеканалы куткаруучулардын зилзаладан 119 сааттан кийин тирүү калган өспүрүмдү алып чыккан учурду түз эфирде чагылдырып турду.

Кыргызстан жер титирөөнүн алгачкы күнүндө эле Түркияга 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн жана алар зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарына бөлүнгөн.

Кыргыз бийлиги 12-фералда дагы жүз куткаруучу атайын борт менен бара турганын, эки учак гумантардык жардам берилерин маалымдаган.

Саламаттык сактоо министрлиги Түркияга дарыгерлер тобу жөнөтүлөрүн кабарлады. Ага ылайык, нейрохирург, травматолог, реаниматолог-анестезиолог, кан-тамыр хирургу өңдүү адистерден куралган бригада Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кахраманмараштагы мобилдик госпиталында иштейт. Ошондой эле врачтар керектүү дары-дармектерди, шаймандарды өздөрү менен кошо ала барат.

Министрлик дары-дармек, медициналык буюм-тайымдардын турган гуманитардык жардам жөнөтүлөрүн, медиктердин бир күндүк айлыгы Түркия үчүн ачылган бирдиктүү эсепке которуларын билдирди.

Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда катуу жер титирөөдөн 24 миңден ашык адам мерт болду, Сирияда 3,5 миңден көп кишинин сөөгү табылды.

Бириккен Улуттар Уюму апааттын толук кесепети азырынча анык боло электигин эскертти. Куткаруучулар урандыларды тазалап жатат, бирок аман калгандарды табуу үмүтү дээрлик калган жок.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон жер титирөөнү “кылымдын кырсыгы” деп атады. Өлкөдө жабыркагандарга жардам берүүгө байланыштуу нааразылык айтылып жатат.

Түркия менен Сирия чектеш аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Андан бери бери 1,5 миңден ашык жер титирөө катталды. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG