Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Түркия менен Сирияда жер титирөөдөн мерт болгондор саны 28 миңден ашты


Түркия менен Сирия чектеш аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен
Түркия менен Сирия чектеш аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай ишембиде, 11-февралда кечинде катуу жер титирөөдөн мүрт кеткендердин саны 24 617 адам болгонун билдирди. AFP маалымат агенттигинин кабарлашынча, Сирияда азырынча 3553 миң кишинин сөөгү табылды жана бул өлкөдө абал оор. Эки өлкөдө курмандыктардын жалпы саны 28 миңден ашты.

Түркияда Германия менен Австралиядан келген куткаруучулар атышуу менен коштолгон морадерчулуктун айынан ишин убактылуу токтоткону кабарланды.

Түрк бийликтери кагылышуулар жана атышуулар тууралуу билдире элек, бирок президент Режеп Тайып Эрдоган ишембиде жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда талап-тоноо, морадерчулук фактылары бар экенин ырастап, буга байланыштуу чара көрүлөрүн эскертти.

Түркия менен Сирия чектеш аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Андан бери бери 1,5 миңден ашык жер титирөө катталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG