Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Кыргыз-тажик чек арасы: Баткенде эки өлкөнүн район башчылары жолукту


Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев.
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев.

Бүгүн, 11-февралда Баткен облусуна караштуу Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Тумба аймагында Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган делегация Тажикстандын Исфара районунун башчысы Баховадин Баходурзода жетектеген топ менен жолукту. Анда тараптар чек арадагы коопсуздук, укуктук тартип, суу, жазгы талаа иштерине байланыштуу маселелерди талкуулады. Жаз алды арык-каналдарды тазалоодо алдын ала макулдашууну сүйлөштү.

"Жолугушууда тараптар жазгы талаа иштерин ийгиликтүү, тынч өткөрүү максатында суу чарба жана башка тиешүүлүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган атайын жумушчу топ түзүп, бекитилген иш-мерчемдин алкагында иштөө жана мыйзамсыз курулуш, көчөт отургузуу фактыларын болтурбоо, факт катталса баштапкы абалына келтирүү жактарын макулдашты. Жыйынтыгында келерки аптада суу чарба кызматкерлери акимдерге сунуш берип, бирдиктүү иш мерчемдер такталат",-деп жазылган маалыматта.

Бишкекте 3-9-февраль күндөрү кезектеги кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өткөн. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы "достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганын" маалымдаган. Ошондой эле келерки кезектеги жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөрү айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG