Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:05

Түркия: кыргыз куткаруучулары уранды алдынан тирүү адамды таап чыкты


Кыргызстан жер титирөөнүн алгачкы күнүндө эле Түркияга 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн.
Кыргызстан жер титирөөнүн алгачкы күнүндө эле Түркияга 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн.

Түркиянын Кахраманмараш шаарында жер титирөөнүн алтынчы күнүндө кыргыз куткаруучулары уранды алдынан тирүү калган адамды таап чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлап, толугураак маалымат кийин берилерин белгиледи.

Кыргызстан жер титирөөнүн алгачкы күнүндө эле Түркияга 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн жана алар зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарына бөлүнгөн.

Кыргыз бийлиги 12-фералда дагы жүз куткаруучу атайын борт менен бара турганын, эки учак гумантардык жардам берилерин маалымдаган.

Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда катуу жер титирөөдөн 20 миңден ашык адам мерт болду, Сирияда 3,5 миңден көп кишинин сөөгү табылды.

Бириккен Улуттар Уюму апааттын толук кесепети азырынча анык боло электигин эскертти. Куткаруучулар урандыларды тазалап жатат, бирок аман калгандарды табуу үмүтү дээрлик калган жок.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон жер титирөөнү “кылымдын кырсыгы” деп атады. Өлкөдө жабыркагандарга жардам берүүгө байланыштуу нааразылык айтылып жатат.

Түркия менен Сирия чектеш аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Андан бери бери 1,5 миңден ашык жер титирөө катталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG