Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:26

Иликтөөчү журналисттерге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылат


Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.
Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.

Бүгүн, 12-февралда Журналисттик иликтөөлөр фонду жана Кыргызстандагы "Интерньюс" уюму жыл сайын ыйгарылчу Уланбек Эгизбаев атындагы сынактык жыйынтыгын чыгарат.

2022-жылдагы мыкты журналисттик иликтөө үчүн сыйлык тапшыруу иш-чарасынын алкагында Бишкекте "Чындык" деп аталган форум өтүп жатат. Анда медиа серепчилер иликтөө журналисттикасы, сөз эркиндиги жөнүндө талкуулашууда.

"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.

Сынактын максаты - Кыргызстанда иликтөө журналистикасы жанрынын өнүгүшүнө, коррупциялык схемалар менен мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарууга, андай аракеттерге бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоо.

Негизги талаптар – материалдын актуалдуулугу, журналисттик иликтөө темасынын масштабы, иликтөөнүн конкреттүү жагдайдын жакшырышына тийгизген таасири, кесиптик деңгээл жана атуулдук кадыр-барк. Сыйлык фонду 100 миң сом.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG