Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:39

“Альянс” фракциясы конуштарды газдаштырууга субсидия берүүнү сунуштады


Бишкектеги ыштын негизги себептеринин бири катары шаардын жака-белиндеги башаламандык менен салынган курулуштар аталган.
Бишкектеги ыштын негизги себептеринин бири катары шаардын жака-белиндеги башаламандык менен салынган курулуштар аталган.

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясы Бишкектеги конуштарга газ киргизүү үчүн жашоочуларга субсидия берүүнү сунуштады. Бул тууралуу фракция лидери, депута Жанар Акаев 10-февралда ТЭЦ-2 (Ак-Ордо) конушунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Ал Бишкектеги ыш олуттуу көйгөйгө айланганын айтып, маселени чечүү аракеттери токтобошу керектигин белгиледи.

"Ал үчүн конуштарды газга туташтыруудагы чыгымды жаба турган өлчөмдө субсидия берүү зарыл. Биз муну Министрлер кабинетине сунуштайбыз. Экология, саламаттыкты сактоо тармагына алынып жаткан гранттардын бир бөлүгү ушул багытка жумшалышы керек",-деди Акаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 10-февралда Бишкектеги ыш маселесине байланыштуу тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда бул көйгөйдү чечүүнүн “жол картасы” талкууланган. Ошондой эле мамлекеттик мекеме-органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүү, бул багытта ишти активдештирип, абанын сапатын жакшыртуу долбоорлоруна каражат табуу тууралуу сөз болгон.

Соңку жылдары Бишкек айрыкча суук түшкөн маалда дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын сап башына чыгып келет.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкекте абанын булганышына алып келип жаткан себептер тууралуу маалымат берип, биринчи себеби Жылуулук электр борбору, экинчиси – Бишкектин тегерегинде башаламандык менен салынган курулуштар, үчүнчүсү – машинелер экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG