Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Кыргызстан Адам эркиндигинин индекси боюнча Казакстандан, Орусиядан алдыда турат


Адам эркиндиги боюнча дүйнөлүк индекстеги Кыргызстандын көрсөткүчү.
Адам эркиндиги боюнча дүйнөлүк индекстеги Кыргызстандын көрсөткүчү.

АКШнын Катон институту менен Канаданын Фрейзер инситуту биргелешип жүргүзгөн Адам эркиндиги боюнча дүйнөлүк индексте Кыргызстан 165 өлкөнүн ичинен 87-орунду ээледи.

Баяндамада адам эркиндигинин ар кыл аспекттери 83 көрсөткүч менен аныкталган. Мыйзам үстөмдүгү, коопсуздук жана коргоо, ээн-эркин жүрүү, дин тутуу, эркин чогулуу жана жарандык коом, эркин ой-пикир билдирүү, алака-катыш, мыйзам системасы жана мүлккө ээ болуу, акчанын наркы, эл аралык соода-сатык эркиндиги сыяктуу көрсөткүчтөр менен ченелет.

Кыргызстанда адамдын жеке эркиндиги 6,15 балл, ал эми экономикалык эркиндиги 6,97; адам эркиндиги 6,70 баллды түзгөн. 2019-2020-жылдары өлкө төрт позицияга ылдыйлаган.

Адам эркиндигинин көрсөткүчүнүн жогорку ченеми 10 балл менен эсептелет. Тизменин башындагы ондукка Швейцария, Жаңы Зеландия, Эстония, Дания, Ирландия, Щвеция, Исландия, Финляндия, Нидерланд, Люксембург кирет. Булар дүйнөдөгү эң эркин өлкөлөр болуп саналат.

АКШ 23-орунда, Грузия - 43, Казакстан -107, Орусия -119, Түркия - 130, Тажикстан -141, Кытай -152-орунда турат.

Тизменин эң этегиндеги Йемендин адам эркиндигин индекси 2.71, Сирияныкы 2.34 деп аныкталган.

Борбор Азия аймагынан иликтөөгө Өзбекстан менен Түркмөнстан кирген эмес. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG