Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 14-17-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан- чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука- Каныш-Кыя автоунаа жолунун 58-113 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ автоунаа жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

14-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактарда, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Жалал-Абад облусунун өрөөнүндө, Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6,

Талас жергесинде түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21…-26, күндүз -10…-15 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -5…-7°, күндүзгү жогорку температурасы 4…6 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG