Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:03

ЖК: Мамлекеттик кызматтагы гендердик балансты жумушчу топ текшерет


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 13-февралдагы жыйынында мамлекеттик кызматтарда гендердик теңдиктин сакталышы боюнча жумушчу топ түзүү сунушталды. Бул демилгени көтөргөн депутат Динара Ашимова жумушчу топ "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы боюнча өкмөттөн маалымат алып, мониторинг жүргүзө турганын билдирди.

“Министрлер кабинети парламентке келгенде гендердик теңдик боюнча мыйзамдын аткарылышын, андагы квоталардын сакталбай жатышын сурадык. Эми статистикалык маалыматтарды чыгаралы. Өзүңөр көрүп жатасыңар, айымдардан аким, айыл өкмөт болгон бирөө да жок”, - деди Ашимова.

Жыйында бул маселе боюнча жумушчу топту Конситуциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети түзүшү керектигин айткан депутаттар да болду. Комитеттин юристи Социалдык саясат боюнча комитет да топту түзө аларын, бирок иш толук кандуу жүрүшү үчүн башка комитеттер менен биргелешип иштөөнү сунуштады.

Жыйынтыгында комитет жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алды. Эми бул маселе Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетте каралат. Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу органдарында, жергиликтүү бийликте аялдардын аз экени сынга кабылып келүүдө. Министрлер кабинетинде эки аял министр бар. Ал эми мэр, облус башчы же район акимдеринин арасында бирөө да жок. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG