Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:50

Прокуратура Исманкулов менен Бишкек мэриясы мамлекетке 93 млн сом зыян келтиргенин билдирди


Алмазбек Исманкулов.
Алмазбек Исманкулов.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Көз микрохирургиясы” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен Бишкек шаарынын мэриясынын бир нече кызмат адамдары мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сомдук зыян келтиргени аныкталганын 10-февралда билдирди.

Маалыматта Бишкектеги №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имараты бейтаптар үчүн орун жетишсиздигине карабай арзан баага ижарага мыйзамсыз берилгени айтылат.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Өткөн айда Жогорку Кеңештин "Мекенчил" депутаттар тобу Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) Түштүк Корея мамлекетинен алынган насыя үчүн күрөөдө экени тууралуу маселени кайра көтөргөн.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова көп жыл мурун Түштүк Кореядан КУУ аркылуу Алмазбек Исманкуловдун клиникасына медициналык жабдыктарды үчүн насыя алынганын, учурда окуу жайды күрөөдөн чыгаруу аракети жүрүп жатканын билдирген.

Кийин Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылы өкмөттүн атынан Исманкуловдун клиникасын сотко берип, корей тараптын насыясын жабуу талабын койгонун, соттук териштирүү аягына чыга электигин маалымдаган.

1997-жылы КУУ менен клиника ортосунда университеттин алдында “Интергоспитал” деген медициналык борбор түзүү тууралуу келишим түзүлгөн. Көз догдур Алмазбек Исманкулов ошол кезде ректордун орун басары дагы болуп турган. 1999-жылы кореялык “Медисон Ко ЛТД” компаниясы менен баасы 8,5 миллион долларлык медициналык жабдуу насыяга алынган. Буга байланыштуу 2016-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы иш козгогон.

"Азаттык" мунун чоо-жайын иликтеп жазып чыккан. Кийинчерээк кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде кыскарып калганы белгилүү болгон.

Билим берүү жана илим министрлиги Исманкуловдун карызы 28 миллион долларга чамалаганын билдирген.

Исманкулов же “Көз микрохирургиясы” госпиталы соңку айыптоолор боюнча азырынча комментарий бере элек. (TAb)

XS
SM
MD
LG