Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:49

Кыргызстан менен Венгриянын президенттери жолукту


Венгрия.
Венгрия.

Бүгүн, 13-февралда Будапешт шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Венгриянын президенти Каталин Новак менен расмий жолугушуусу болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, Жапаровду Лайош Кошут аянтына Венгриянын президенти Каталин Новак тосуп алды. Аянтта оркестрдин коштоосунда эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарылып, мамлекет башчылар өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырды.

Президент Садыр Жапаров Венгрияга расмий сапар менен 12-февралда барган. Кыргызстандан барган расмий делегациясынын курамында мамлекет башчынын жубайы Айгүл Жапарова, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана юстиция министри Аяз Баетов бар.

Президент Жапаров расмий сапар учурунда Венгриянын президенти Каталин Новак баштаган бир катар жетекчилер менен жолугушат. Мындан тышкары, кыргыз-венгер бизнес форумуна катышат. Сапар алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Буга чейин Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу баяндаганда Европадан Венгрия менен мамиле бекемделип жатканын айткан.

2021-жылдын ноябрында Бишкекте Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болгон жана анын капиталы 50 миллион доллар болору айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG