Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:47

Түркияга жардам эсебине 14 миллион сомдой каражат чогулду


Жер титирөөдөн кийинки Хатай, Түркия. 9-февраль, 2023-жыл.
Жер титирөөдөн кийинки Хатай, Түркия. 9-февраль, 2023-жыл.

Кыргызстандын Финансы министрлиги бүгүн, 14-февралда саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 13 млн. 962 603.7 сом жана 12 550 рубл түшкөнүн маалымдады.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн аталган министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Андан сырткары Кыргызстанда өз алдынча жардам чогулткандар болууда. 13-февралда Жалал-Абад шаарынын, Сузак жана Базар-Коргон районунун жашоочулары жер титирөөдөн жабыркаган түрк элине кийим-кече, күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюмдар жана 300 миң сом акча жөнөткөн.

Түркияда зилзаладан жабыркагандарга Жалал-Абад шаардык мэриясы да бир күндүк эмгек акысын которгонун мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга акчалай жана гуманитардык жардамдар Кыргызстандын түрдүү аймактарынан чогулуп жатканы кабарланган.

Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине Кыргызстандан 200гө жакын куткаруучу жана алты дарыгер барды. 67 куткаруучу кыйроонун эртеси күнү эле жөнөп кеткен.

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 баллга жеткен зилзалада 37 миңден ашык адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды. (ZKo/TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG