Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:30

Таанымал көз доктур Исманкулов эки айга камалды


Алмазбек Исманкулов.
Алмазбек Исманкулов.

Бишкектин Октябрь райондук соту коррупцияга шектелген “Көз микрохирургиясы” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловдун бөгөт чарасын карап, 9-апрелге чейин Бишкектеги тергөө абагында калтырды. Ушул эле иш боюнча кармалган Талант Рыскулбек уулу үй камагына чыкты.

10-февралда Башкы прокуратура “Көз микрохирургиясы” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен Бишкек шаар мэриясынын бир нече кызмат адамдары мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сомдук зыян келтиргени аныкталганын маалымдаган. Көп өтпөй Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, Исманкулов менен Талант Рыскулбек уулу камакка алынган.

Башкы прокуратуранын маалыматында, Бишкектеги №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имараты бейтаптар үчүн орун жетишсиздигине карабай арзан баага ижарага мыйзамсыз берилгени айтылат.

Сөз болуп жаткан имаратты акыркы 25 жылдан бери Алмазбек Исманкулов ижара шартында пайдаланып жүргөн. Анда анын “Көз микрохирургиясы” клиникасы жайгашкан. Мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин маалыматы боюнча Исманкулов мэриядан имаратты ижарага алуу келишимин 2012-жылы түзгөн. Аянты 1075 чарчы метр имараттын ижара мөөнөтү ар 5 жыл сайын узартылып турган. Ижара акысы башында 164 миң сом болуп, кийин 214 миң сомго көтөрүлгөн.

Былтыр февралда ошол кездеги Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борбору чыгарылып, коронавирусту дарылоочу аймак болорун билдирген. Исманкулов келишимди жокко чыгаруу боюнча сот чечими менен гана имаратты бошоторун билдирген. Ошондой эле имаратты ижарага алган 25 жылдай убакыт ичинде борбор мамлекетке 1 млн. доллардын тегерегинде каражат төккөнүн айткан.

Мындан көп өтпөй Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти “социалдык маанидеги объекттерди бошотуу максатында” деген жүйө менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарган. Исманкулов мекемени сотко берген.

Исманкуловдун адвокаты Максат Мендеков талаштуу имаратта азыр деле ал клиника иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы Бишкек мэриясы менен борбордун ортосундагы келишим дагы бир нече жылга чейин узартылган жана ижаранын баасы кескин көтөрүлгөн. Мындан улам Алмазбек Исманкулов соттогу доо арызын кайтарып алган.

“Муниципалдык мүлк боюнча атайын комиссия бар. Анын иш тартиби Бишкек шаардык депутаттары тарабынан бекитилет. Дал ушул комиссия кайсы мүлк, канча убакытка ижарага берилерин чечет, келишимди токтотот же узартат. Азыр Исманкуловго комиссиянын чечимине таасир эткен деген айып коюлуп жатат. Бирок бир дагы далил жок. Мындан улам Алмазбек Исманкулов күнөөсүн моюнуна албайт жана мамлекетке 93 миллиондон ашык зыян келтирген деген да чындыкка жатпайт”.

Адвокаттын айтымында, азыр Исманкулов менен шаар мэриясынын ортосунда сотто талаштуу маселелер жок. Бул боюнча Бишкек мэриясы “тергөө жүрүп жатат” деген жүйөө менен комментарий берген жок.

Исманкуловдун клиникасы менен соттошкон КУУ

Жыл башында Жогорку Кеңештин "Мекенчил" депутаттар тобу Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) Түштүк Корея мамлекетинен алынган насыя үчүн күрөөдө экени тууралуу маселени кайра көтөргөн.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова көп жыл мурун Түштүк Кореядан КУУ аркылуу Алмазбек Исманкуловдун клиникасына медициналык жабдыктар үчүн насыя алынганын, учурда окуу жайды күрөөдөн чыгаруу аракети жүрүп жатканын айткан.

Кийин Билим берүү жана илим министрлиги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) бир да мүлкү күрөөдө эместигин билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 2020-жылы министрлик өкмөттүн атынан Алмазбек Исманкуловдун Көздүн микрохирургиясы клиникасын сотко берип, корей тараптын насыясын жабуу талабын койгон. Бирок соттук териштирүү аягына чыга элек.

1997-жылы КУУ менен клиника ортосунда университеттин алдында “Интергоспитал” деген медициналык борбор түзүү тууралуу келишим түзүлгөн. Көз догдур Алмазбек Исманкулов ошол кезде ректордун орун басары дагы болуп турган. 1999-жылы кореялык “Медисон Ко ЛТД” компаниясы менен баасы 8,5 миллион долларлык медициналык жабдуу насыяга алынган. Буга байланыштуу 2016-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы иш козгогон.
Кийинчерээк кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде кыскарып калганы белгилүү болгон.

Билим берүү жана илим министрлиги Исманкуловдун карызы 28 миллион долларга чамалаганын билдирген. Исманкулов же “Көз микрохирургиясы” госпиталы азырынча комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG