Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:22

Улуттук банк валюта рыногуна дагы 40,2 миллион доллар сатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 13-февралда валюта базарына 40,2 миллион доллар сатты. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери үчүнчү жолу интервенция жасады. Акыркы жолу 7-февралда 47,1 миллион доллар сатса, андан мурун 10-январда 104 миллион 250 миң долларды сатыкка чыгарган. Бул акыркы жылдардагы эң чоң суммадагы интервенция болуп калган. Жыл башынан бери башкы банк саткан доллардын жалпы суммасы 191,57 млн долларга жетти.

2022-жылы Улуттук банк 15 жолу интервенция жасаган. Анын ичинде жети жолу долларды сатып алган.

Былтыр өлкөнүн негизги банкы валюта рыногуна 486 миллион доллар сатып, кайра 190 миллион доллар сатып алган.

Улуттук банк интервенция пайда табуу үчүн эмес валюта рыногундагы абалды жөнгө салуу максатында жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. Ушул тапта Кыргызстандын банк тутумунда 600 млн. доллар бар жана анын анын 40% накталай.(ZKo)

XS
SM
MD
LG