Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

АКШ жарандарын Орусиядан чыгып кетүүгө жана барбай турууга үндөдү


Москвадагы АКШнын элчилиги турган имараттын алдында коронавирус пандемиясы маалында дары чачкан машинелер. 12-апрель, 2020-жыл.
Москвадагы АКШнын элчилиги турган имараттын алдында коронавирус пандемиясы маалында дары чачкан машинелер. 12-апрель, 2020-жыл.

АКШнын Москвадагы элчилиги Орусияда жашаган америкалык жарандарды “тезинен” чыгып кетүүгө чакырды. Элчиликтин сайтына жарыяланган маалыматта “Орус куралдуу күчтөрүнүн Украинага кеңири масштабда басып киргенинин күтүлбөгөн залакасы тийиши ыктымал", орус укук коргоо органдары америкалык жарандардын артынан түшүп алышы мүмкүн, транспорттук каттамдардын чектелгени, АКШ элчилигинин өз жарандарына жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнүн аздыгы жана теракт коркунучу өндүү себептер көрсөтүлгөн. Америкалык жарандарга ошондой эле Орусияга келбей турууга да эскертүү берилген.

Маалыматта сентябрда Орусияда аскерге мобилизация жарыялангандан кийин кош жарандыгы барларды армияга алып кетиши ыктымал экени айтылат.

Ошондой эле орусиялык авиакомпаниялар менен учуу кооптуу болуп калганын, алар эл аралык нормаларды сактабай калганы белгиленет. Америкалык дипломаттарга орусиялык компаниялар менен учууга уруксат берилбейт.

Элчилик Орусияда жүргөн америкалыктардын ар кандай акциялардан алыс болуусун өтүнөт.

Былтыр АКШнын элчилиги Орусия Украинага басып киргенден төрт күндөн кийин жарандарын "Орусиядан тезинен чыгып кетүүгө" чакырган. Экинчи эскертүү 28-сентябрда Орусияда жапырт мобилизация жарыяланган соң берилген.

XS
SM
MD
LG