Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:41

"Керемет Банк" кезектеги чырдын бутасында


"Керемет Банк", "Залкар Банк", "Росинбанк" болуп өзгөргөн мурдагы АУБ банкы.
"Керемет Банк", "Залкар Банк", "Росинбанк" болуп өзгөргөн мурдагы АУБ банкы.

Кыргызстанда мамлекеттик карамагындагы "Керемет Банктын" айланасындагы жаңжал уланууда. УКМК февралдын башында аталган банкты мамлекетке өткөрүүгө жооптуу Улуттук банктын мурдагы кызмат адамын кармаган. Ага чейин "Керемет Банк" аркылуу сыртка акча чыгарууга шектелген бир нече кызматкер камакка алынган эле.

Алгач "Азия Универсал Банк", кийин "Залкар Банк", анан "Росинбанк" болуп, улам өзгөрүп, колдон-колго өтүп, артынан ар кыл сөз ээрчиген "Керемет Банктын" айланасындагы чуулгандуу бул иш эмнеси менен маанилүү?

"Керемет Банк" иши боюнча камоолор

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 3-февралда "Керемет Банкка" 8 млрд. сомдон ашуун акчаны мыйзамсыз салуу фактысы боюнча Улуттук банктын башкармалыгынын Т.Ж аттуу экс-мүчөсү кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин жарыялады. Анда аталган банктын ишмердиги чыгымдуу экенине карабай, алынбай калган пайда жана мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 4,5 млрд. сомго жетсе да, ага мамлекеттен 8 млрд. сомдон ашуун акча мыйзамсыз инвестиция салынганы көрсөтүлгөн.

Бул боюнча тергөөнүн жүрүшүндө тиешелүү далилдер табылып, Улуттук банктын башкармалыгынын бул тармакты караган мурдагы мүчөсүнө айып тагылган. Жергиликтүү маалымат агенттиктери Т.Ж деген кыска инициал менен аты-жөнү көрсөтүлгөн ал адам башкармалыктын мурдагы мүчөсү Тимур Жусупов экенин жазышты.

Ага коюлган айыптоо боюнча кылмышка шектүүнүн жакындары же адвокаты менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Тергөө келтирилген зыяндын өлчөмүн жана бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо амалдарын жүргүзүп жатканы боюнча атайын кызмат учкай кабарлаган.

Тимур Жусупов 2013-жылы Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлүгүнө дайындалып, 2020-жылы бул кызматтан бошотулган.

Улуттук банкты 2011-жылдан 2014-жылга чейин Зина Асанкожоева, 2014-2017-жылдары Толкунбек Абдыгулов жетектеп, аны төрт айга Кубанычбек Кулматов алмаштырып, Абдыгулов кайра 2021-жылга чейин экинчи ирет бул кызматта отурган. Бирок УКМК "Керемет Банкка" 8 млрд сомдон ашуун акча инвестициялоо чечими кимдин учурунда чыкканын так көрсөткөн эмес.

УКМК анын ыкчам кызматкерлери кармалганы боюнча ушул кезге чейин расмий комментарий бере элек.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жакында өткөн маалымат жыйынында "Керемет Банктын" иши боюнча кыскача маалымат берүү менен чектелди:

"Бүгүн "Керемет Банк" боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Мен бул боюнча көп жагдайларды ачык айта албайм. Чындыгында биз эки жаранды Түркиядан кармаганбыз, жакында аларды ал жактан бул жакка жеткирүү иш-аракеттери жүрүп жатат. Буюрса, жакында аларды алып келебиз. Биз бул иш боюнча келтириген зыяндын 80% чукулун дагы өндүрүп, ордуна койдурдук. Тергөө аяктагандан кийин толук маалымат беребиз".

"Керемет Банк" коммерациялык банкынын акцияларынын 97,45% ээси болуп 2018-жылдан бери Улуттук банк эсептелет.

Улуттук банк 2018-жылы оор финансылык абалдан сактоо үчүн “Керемет Банкка” 800 млн. сом, 2019-жылы 3,2 млрд. сом, 2020-жылы 4,2 млрд. сом акча инвестиция салганы буга чейин белгиленген.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы

Улуттук банктын төрагалыгына 2021-жылы Кубанычбек Бөкөнтаев дайындалган. Улуттук банк акчасын салып, анын туунду банкы болгон "Керемет Банкты" жетектөөгө кийин Жамила Койчуманова келген.

Былтыр жайында парламентте депутат Дастан Бекешев анын бул кызматка кантип келип калганын, ал 2010-жылга чейин азыр "Керемет Банк" аталган мурдагы АУБ банкы менен кандай байланышта болгонун сурап, Улуттук банктын жетекчисине кайрылган.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев "Керемет Банкты" сатып алууда каттоо саясаты өзгөртүлүп, анын активдери туура эмес бааланган жагдайлар кызматтык иликтөөдө аныкталганын айтып, мына ошону таап чыккан тарап маалымат соккусуна кабылганын айткан болчу:

"Бирок эмнеге силер биз "Керемет Банктан" мына ошол фактыларды аныктап чыкканга чейин муну айтып чыккан эмесиңер? Бул жерде кызык нерсе, эмне үчүн мына ошол териштирүүлөр башталып, биз ал банктан 4,5 млрд. сомдук мыйзам бузууларды таап чыккандан кийин гана мына ушул маселени көтөрүп жатасыздар? Бул кокустук эмес. Биз бухгалтердик эсеп бузулганын таап, каттоо саясатын мыйзамга шайкеш келтирип, анан биздин активдердин кунсузданганын аныктадык. Бул абдан олуттуу мыйзам бузуу. Аны дагы кайсы бир адамдар таап чыкты. Ошондуктан азыр бардыгыбызга, анын ичинен мага карата маалымат соккусу жүрүп жатат. Ал эми сиз айтып жаткан Жамила Койчуманова мына ошону текшерип, таап чыккан аудиторлордун ичинде".

Кубанычбек Бөкөнтаевдин айтымында, Улуттук банктын "Керемет Банкка" жасаган жалпы инвестициясынын көлөмү 8,2 миллиард сомду түзсө, анын ичинен 4,4 млрд. сом Улуттук банктын каттоо саясатын өзгөртүп, активдерди туура эмес баалоонун айынан жоготуу катары каралганы кызматтык иликтөө учурунда ашкере болгон.

Мындан көп өтпөй “Керемет Банктын” иши боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) эки кызматкери кармалганын былтыр 23-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлаган.

Анда кармалгандар – УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкери жана өздүк коопсуздук башкармалыгынын төрагасынын орун басары экени белгиленген. “Керемет Банктын” төрагасынын орун басары, ага чейин коопсуздук тутумунда иштеген Максат Дадыбаев Бишкек гарнизонунун жаза өтөө жайына (гауптвахта) камакка алынганын шаардык соттун басма сөз кызматы ырастаган. Октябрь райондук соту аны 2023-жылдын 14-февралына чейин камакта кармоо бөгөт чарасын тандаган.

Бирок ал коммерциялык банктын жетекчи орун басары болуп туруп, эмнеге кылмышка шектүү аскер адамдары камалчу гауптвахтага киргизилген себеби айтылган эмес. Башкы прокуратура “Керемет Банк” боюнча Кылмыш-жазык кодексинин “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” деген беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Дадыбаевден тышкары банктын Бишкек филиалынын директору жана дагы эки кызматкери кармалганын айрым агенттиктер жазган эле.

"Керемет Банктын" таржымалы

2010-жылы 7-апрелде бийлик алмашкан соң мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жемкорлукка жана акча адалдоого айыпталып сырттан соттолгон уулу Максим Бакиевге жана анын өнөктөштөрүнө караштуу банктардын бири катары тышкы башкаруу киргизилген "Азия Универсал Банкка" (АУБ) барып такалат.

Мына ошол кезде акча чыгаруу жана каржылык көз боёмочулукка байланыштуу “АУБ”, “Манас Банк”, “Кыргызкредит Банк”, “Акылинвест Банк”, "Бакай Банк" жана “Ысык-Көл инвест банк” банктарына сырттан башкаруу киргизилип, Убактылуу өкмөт аларды мамлекетке улутташтырган.

Анткени Максим Бакиевдин Михаил Надель, Валерий Белоконь, Сергей Костырин жана Алексей Елисеев сыяктуу өнөктөштөрү 2010-жылга чейин бул банктарга ээлик кылып, миллиондогон долларды 2009-2010-жылдары адалдап, сыртка чыгарып турганы тергөө материалдарында көрсөтүлгөн болчу. Кийин аларга кылмыш иши козголуп, финансылык көз боёмочулуктар боюнча сыртынан айыбы угузулуп, тыштан соттолгон. 2010-жылдан кийин алардын айрымдары "мамлекет менчикти басып алды" деген доомат менен эл аралык сотторго даттанган.

Улуттук банктын мурдагы төрайымы Бактыгүл Жээнбаева мына ошол кезде банктын кардарларынын кызыкчылыгын коргоо милдети турганын, анткени акча чыгарып кетүү коркунучу чоң болгонун, ошонун айынан банктын мурдагы кожоюндары менен соттук териштирүүлөр жүргөнүн айткан жайы бар:

"Бирок ал акчабы же башкабы, АУБ банкынан 2010-жылы 7-апрелде бир топ акча уурдалып, сыртка чыгарылып кеткени анык. Анткени, ар кайсы акча каражаттары сакталып турган. Социалдык фонддун акчасы, жеке тараптардын депозиттери жана мамлекеттик компаниялардын каражаттары болгон. Уурдалганы уурдалган. Бирок ошонун ичинен кайсынысы уурдалганын азыр мен эстеп, так айта албайм. Аны документталдык негизде такташ керек. Ал документтердин бардыгы Улуттук банкта сакталуу. "Азия Универсал Банктан" чыгарып кеткен акча боюнча анын мурдагы кожоюну Михаил Надель менен соттошуп жүргөнбүз. Мен Улуттук банкка келгенде ал банк акчасы жок калып, банкрот абалында турган. Биздин башкы максат кардарлардын акчасын сактап калып, банктын ишин үзгүлтүксүз камсыздоо болчу".

Гуревичтин көрсөтмөсү

Максим Бакиевдин финансылык кеңешчиси болуп, MGN Group компаниясында иштеген Евгений Гуревич "Азатыкка" курган маегинде, Өнүктүрүү фондундагы жана Социалдык фонддун акчасы кымырылып, чет өлкөлөргө чыгарылып кеткенин четке каккан. Бирок Гуревич ыңкылапка чейин эле башка булактардан алынган миллиондогон долларлар чыгарылып турганын ырастаган.

Евгений Гуревич АКШда башка бир иш менен кармалып, абакта отурганда Кыргызстандын укук коргоо органдарында башында кызыгуу болуп, кийин дайын-дареги жок болгонун "Азаттыкка" курган маегинде айтып берген болчу:

"Өнүктүрүү фонду сыяктуу маселенин жөнөкөй бөлүгүнөн баштасак. Каражаттарды, мамлекеттин активдерин, анын үстүнө Орусиянын кредитин башкаруу жагынан алып караганда, мен муну анчалык мыкты идея болгон эмес деп эсептейм. Бирок мага белгилүү болгондой, командага карата айтылган каражатты кымыруу сыяктуу көрүнүштөр орун алган жок. Муну Улуттук банктын каты күбөлөндүрүп турат. Бул калп. Бирок мен Бакиевдер тарабынан чоң акча, жүз миллиондогон долларлар чыгарылып кеткенин ырастайм. Мен кыргыз прокуратурасына жана америкалык органдарга бул темада маалымат берүүгө аракет кылдым. Башында кызыгуу болгон. Бирок кийин эмнегедир баары токтоп калды".

Убактылуу өкмөт 2010-жылы АУБ банкын улутташтыруу боюнча декрет чыгарып, кийин анын негизинде "Залкар банкы" түзүлүп, ал андан соң "Росинбанк" болуп өзгөргөн.

Бул мезгилде дагы акчаны адалдоого байланыштуу банктагы көз боёмочулук иштери боюнча чыккан ызы-чуунун айынан анын каржылык абалы начарлап, Улуттук банк 2018-жылы ага акча салып, анын активдерин башкарууну колуна алганы белгилүү.

Бул арада эл аралык деңгээлде да кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдоого байланыштуу тобокелчиликтерди аныктоодо Кыргызстандын да аты атала баштаган.

Мындай жол менен түзүлгөндөн бери колдон-колго өтүп, улам жаңы аталыш менен түзүлгөн "Керемет Банк" кезектеги чырдын бутасында калды.

Бул кырдаал Швейцариядагы Базель башкаруу институтунун Basel AML Index рейтинги жарыяланып, анда Кыргызстан кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдоого байланыштуу коррупциялык тобокелдиктер жогору өлкө катары көрсөтүлгөн маалга туш келди.

Кыргыз Республикасы рейтингде 5,92 балл чек менен дүйнөдө 35-катарда, ал эми Чыгыш Европа менен Борбор Азияда алдыга чыккан. Анан кийин кылмыштуу кирешелерди адалдоо тобокелдиктери жогору өлкөлөр катары тизмени Тажикстан, Түркия, Орусия, Беларус, Өзбекстан, Украина, Албания, Сербия, Молдова, Армения жана Грузия улайт. Ал изилдөөдө мунун себептери катары саясий жана укуктук тобокелдиктер, анан коррупция менен паракорчулук экени белгиленген. Бул эки чөлкөмдө тең өткөн жылы тобокелдиктер жогорулап, дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн өскөн. Өзгөчө Беларус, Орусия жана Өзбекстан мыйзам үстөмдүгү, сөз эркиндиги, сот бийлигинин көз карандысыздыгын камтыган саясий жана укуктук көйгөйлөрдөн жапа чеккени изилдөөдө баяндалган.

ФАТФтын алты жыл мурунку эскертүүсү

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова Кыргызстанда акчаны адалдоо боюнча күңүрт чийимдер бар экени аныкталып, аларды жоюу боюнча талаптар коюлган учурду белгиледи:

"Эл аралык ФАТФ механизми дүйнө жүзүндөгү кылмыштуу жолдор менен табылган кирешелерди жана каржылык операцияларды жүргүзүү көрүнүштөрүнө бөгөт коёт эмеспи. Биздин Кыргызстан ФАТФ уюмунун талаптары боюнча өткөн 2017-2018-жылдары күңүрт чийимдерге кирүү тобокелдиги жогору өлкөлөрдүн катарына кирип калганбыз. Ал жакта негизинен мыйзамсыз же кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдоодогу күңүрт жана кара чийимдер деген болот. Бул боюнча аларга бөгөт коюу чараларын бекиткен ФАТФтын өзүнүн анын принциптерин кабыл алган өлкөлөргө карата талаптары бар. Ал жактан эскертүү түшкөндө 2017-жылы биздин финансылык тутумду жөнгө салуу боюнча өкмөттүн алдында чоң жумушчу топ түзүлгөн. Анын негизинде биздин банкалык тутумудун тазалыгын камсыздоо үчүн акча агымынын кирип-чыгуусун көзөмөлдөө чаралары күчөтүлгөн. Анткени мына ошол 2010-жылдагы АУБ банкында (ред: азыр "Керемет банк") болгон мыйзамсыз акчаны адалдоо сыяктуу күңүрт чийимдер болбосун деген максатта ар бир банктык операция тиешелүү мамлекеттик органдар үчүн ачык болсун деген шарт коюлган. Акчанын агымы каяктан келип, кайда кетип жатканы анык болуш керек деген талап коюлган. ФАТФ банкалык тутумдагы эң орчундуу тобокелдикке көңүл бурат. Анткени башка өлкөлөрдө айрыкча кайрымдуулук ишмердигин уюштурган уюмдар аркылуу "кир акчаны" өлкөгө киргизип, адалдоо өнөкөтү кеңири жайылган. Ошондой нерселерге бөгөт коюп, бизде дагы кирген же чыккан акчанын агымын көзөмөлдөп, чараларды катаалдаштаруу маселеси турган".

Базель институтунун изилдөө принциптерине ылайык, эгерде кайсы бир өлкөдө кылмыштуу акчаны адалдоо жана терроризмди каржылоо коркунучу жогору деп бааланса, анда ал жөн гана техникалык маселе эмес. Бул жагдай аталган өлкөнүн жалпы экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө таасирин тийгизе турганы изилдөөдө келтирилген. Мунун кесепеттери кандай болушу мүмкүн?

Эл аралык донор уюмдар жана инвесторлор акчаны аладоого каршы финансылык чараларды иштеп чыккан ФАТФтын талаптарын сактоо үчүн тобокелдиктер жогору өлкөлөргө баруудан баш тартышы мүмкүн. Бул сооданы каржылоого терс таасирин тийгизип, жыйынтыгында ал өлкөнүн экспорту жабыркашы ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG