Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Жапаров мажар ишкерлерин ири долбоорлорго катышууга чакырды


Венгрия. 12-февраль, 2023-жыл.
Венгрия. 12-февраль, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда Будапештте мажар-кыргыз бизнес-форумуна катышып, Венгриянын ишкерлерин Кыргызстандагы артыкчылыктуу долбоорлорго катышууга чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарага Венгриянын экономикалык өнүктүрүү министри Мартон Надь, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилери, эки өлкөнүн туризм, курулуш, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика, энергетика, өнөр жай өндүрүшү ж.б. тармактарынын өкүлдөрүнөн турган жүзгө жакын ири компаниялар катышты.

Жапаров бул иш-чара эки өлкө ортосунда гана эмес, Кыргызстан жана Европа Биримдиги менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн да маанилүү экенин айтты. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча 2021-жылы уставдык капиталы 50 миллион долларлык Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун түзүлгөнүн белгиледи.

"Фонддун ишмердүүлүгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана бизнес-секторуна финансылык колдоо көрсөтүүгө багытталган. Учурда жалпы суммасы 26 млн. АКШ долларын түзгөн конкреттүү бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Долбоорлор аркылуу биз өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсү жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн жакшы натыйжаларды көрөбүз деп ишенем. Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү толук колдонула элек деген ой келбей койбойт. Эки өлкөнүн соода алмашуусу боюнча айтып кетсем, 2022-жылдын 11 айында өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 7,6 млн. АКШ долларын түздү. Соода-экономикалык жана өндүрүштүк-инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы импульс берүү маанилүү. Бул багытта жакынкы жана алыскы рынокторго органикалык продукциянын экспортун илгерилетүүгө биздин колубузда бардык мүмкүнчүлүктөр бар", - деди мамлекет башчы.

Жапаров Кыргызстан агро-өнөр жай комплексинде жаңы технологияларды колдонуу боюнча Венгриянын тажрыйбасына кызыкдар экенин айтып, бул Кыргызстандын соода үйүн ачуу, өндүрүштү көчүрүү жана Кыргызстандын аймагында экологиялык таза продукцияларды чыгаруу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Жапаров Венгриянын бизнес секторун туризм, энергетика, агро-өнөр жай комплекси жана өнөр жай өндүрүшү жаатындагы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-13-февралда Венгрияга расмий сапар менен барды. Сапар алкагында ал Венгриянын жетекчи кызматтагы адамдары менен жолугушуп, бир катар документтерге кол коюлганы президенттин сайтында кабарланды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG