Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Минск: NEXTA каналынын журналисттери 1586 кылмышка айыпталууда


Роман Протасевич, Степан Путило жана Ян Рудик
Роман Протасевич, Степан Путило жана Ян Рудик

Минск облустук соту Польшада катталган NEXTA каналынын журналисттери Роман Протасевич, Степан Путило жана Ян Рудиктин ишин карай баштады. Сот залында Протасевич эле отурат, калган эки айыпталуучу чет өлкөгө чыгып кеткен.

Мамлекеттик БелТА агенттиги кабарлагандай, үч журналист кеминде 1586 кылмышка айыпталууда. Алардын ичинде "социалдык жек көрүүнү тутандыруу", "массалык башаламандыкты уюштуруу", "мамлекеттик бийликти кулатууга, террористтик чабуул коюуга ачык чакырык", "экстремисттик коом түзүп, аны жетектөө", "президентке жалаа жаап, ар-намысына шек келтирүү" деген оор беренелер бар.

Протасевич, Путило жана Рудик мамлекететтик бийликти басып алуу максатында кутум уюштурууга жана экстремисстик уюмду каржылоого да айыпталууда.

БелТА агенттиги Протасевич күнөөсүн толук мойнуна алганын жазды. 16-февралдагы сотто ал мурдагы кесиптештери менен азыр эч кандай байланышы жоктугун жана алардын ким экенин "эбак түшүнгөнүн" айтты.

Оппозициялык NEXTA Телеграм каналы 2020-жылдагы жыйынтыгы талаштуу президенттик шайлоодо Лукашенко жеңүүчү болуп жарыялангандан кийин башталган нааразылык акцияларын активдүү чагылдырган. Былтыр апрелде Беларустун Жогорку соту NEXTA Телеграм каналын "террордук уюм" деп жарыялаган.

Бул сайтта иштеген блогер Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы София Сапега 2021-жылдын 23-майында Афиныдан Вилньюска бараткан Ryanair авиакомпаниясынын учагы күчтөп Минскиге кондурулгандан кийин кармалган. Протасевич тергөө менен кызматташкандан кийин коё берилсе, Сапега алты жылга жатак абакка кесилген.

Степан Путило учурда Польшада жашайт жана NEXTA каналын ошол жакта туруп иштетет. Ал 2020-жылдан кийин эл аралык коргоого алынып, 2021-жылы саясий качкын деп таанылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG