Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

"Азаттыктын" министрликтин чечимине каршы доо арызы 2-мартта каралат


Бишкектин административдик соту "Азаттык Медианын” Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызын кароону 2-мартта улантат.

17-февралдагы отурумда тараптар өз жүйөлөрүн келтирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал чыккан “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” юридикалык жак катары Кыргызстанда катталган-катталбаганы тууралуу Юстиция министрлигине кат жөнөтүлмөй болду. Адвокат Акмат Алагушев сайтты бөгөттөгөн министрлик чечимде жок, башка мыйзамдарга таянып туура эмес маалыматтарды берип жатканын айтты.

"Министрлик "Азаттыктын" сайтын бөгөттөп жатканда, эң биринчи чечимде башка мыйзамдарга таянган жок. Бирок азыр сотто башка, ЖМК мыйзамына, Администривдик процедуралык мыйзамга таянып жатышат. Бирок сот карап туруп суроо бергенде министрликтин туура эмес позициясы билинип жатат. Сот бир эле "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам боюнча карап жатат. Башка мыйзамдар жок болуш керек. Анткени министрлик өзүнүн чечиминде башка мыйзамдарга таянган эмес. Биринчиден, эч ким арыз берген эмес. Адамдык ар-намыс, кадыр-барк, ишкердик бедел боюнча гана каралышы керек. Бүгүнкү сотто согушту пропаганда кылуу, кастыкты козутуу деген нерселер угулуп жатат. Бул боюнча мыйзамда жазылыптырбы деген суроого жооп бере албай коюшту", - деди жактоочу.

26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилөөдө.

Ал арада министрлик “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болгон. Бул арыз 20-февралда каралат.

Министрликтин кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап чыгышты. (КЕ/BTo)

XS
SM
MD
LG