Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Ак үй "Вагнердин" Украинадагы жоготуулары 30 миңден ашты деп эсептейт


"Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин жалданма жоокерди акыркы сапарга узатуу зыйнатында. 24-декабрь, 2022-жыл
"Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин жалданма жоокерди акыркы сапарга узатуу зыйнатында. 24-декабрь, 2022-жыл

Орусия Украинага басып киргенден бери “ЧВК Вагнердин” ("Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) 30 миңден ашык жалданма жоокерлери өлүп же жарадар болгон. Бул тууралуу жума күнү АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби билдирди.

Ак үйдүн эсебинде, жалпысынан 9 миң жалданма аскер өлгөн, алардын жарымына жакыны былтыр декабрдын ортосунан бери набыт болгондор. Кирбинин айтымында, декабрда каза болгондордун 90 пайызга жакыны Орусиянын түрмөлөрүнөн жалдангандар.

Мурдарак Би-Би-Синин орус кызматы февраль айынын эки аптасында Украинадагы согушта каза болгон орусиялыктардын саны мурдагы айларга салыштырмалуу беш эсе көбөйүп, 1679 адамдын өлүмү ырасталганын жазган. Бул согуш башталган бир жылдан ашуун убактан берки жоготуулардын эң көбү.

17-февралга карата жарыяланган Би-Би-Синин орус кызматы жана орусиялык Mediazona басылмасынын бирге жасаган иликтөөсүндө журналисттер 14 709 кишинин өлүмүн тастыктаганы баяндалган. Каза болгондордун басымдуу бөлүгү "ЧВК Вагнердин" жалданма аскерлери экени аныкталган. Алардын арасында абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар да бар.

"Вагнердин" жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG