Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:19

Зордукталып өлтүрүлгөн кыз боюнча сот отуруму башка күнгө калды


Кадамжайда зордукталып өлтүрүлгөн кыздын өлүмү боюнча соттук отурум болбой, башка күнгө калды. Кезектеги отурум 17-февралда өтмөк, бирок 28-февралга калганын Баткен облустук сотунан билдиришти.

Отурумду башка күнгө жылдырууга тараптардын өтүнүчү себеп болгону маалымдалды.

Сот создугуп жатканын 15-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов билдирген. Ал “Төртүнчү жарандын соту бүгүнкүгө чейин боло элек экен. Кыздын атасы ооруп, соттон сотко чуркап жүрүптүр” деп айткан.

Былтыр 4-сентябрда Ноогардан айылында, Ош – Раззаков автожолунун боюндагы тоннелден 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Кылмышка шектүү катары 24, 25, 27 жаштагы кадамжайлык үч тургун жана бир өспүрүм бала кармалган. Өспүрүм Жалал-Абаддагы, калган үчөө Оштогу абакка камакка алынган.

4-декабрга караган түнү Оштун тергөө абагында отургандардын экөөнүн сөөгү табылган. Жаза аткаруу кызматы алар өз жанын өзү кыйганын маалымдаган.

Кызга байланыштуу “Адам өлтүрүү” беренеси менен козголгон иштин тергелиши жеке көзөмөлүндө болорун мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG