Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:00

Түркмөнстан Өзбекстанга жардам иретинде газ жиберди


Түркмөнстан. Лебап облусундагы газ өндүргөн жай.
Түркмөнстан. Лебап облусундагы газ өндүргөн жай.

Ашхабад Ташкентке акысыз газ берди. 19-февралда Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедовдун тапшырмасы менен жардам иретинде жөнөтүлгөн 2000 тонна суюлтулган газ жүктөлгөн вагондор Өзбекстанга келди. Бул тууралуу "Худудгазтаминот" ишканасы билдирди.

Маалыматтарга караганда, көгүлтүр оттун тең жарымы Каракалпакстандын калкына, жарымы Хорезм облусунун жашоочуларына берилет.

Сердар Бердымухамедов ай башында "эки өлкө ортосундагы ынак коңшулук жана туугандык мамилени бекемдөө" максатында кошуна мамлекетке газ берүү жөнүндө буйрукка кол койгон.

Буга чейин Өзбекстандын Энергетика министрлиги газдын партиясы муктаждарга бекер таратыларын кабарлаган. Өзбек тарап жардамга жооп иретинде Түркмөнстанга Volkswagen Caddy үлгүсүндөгү 20 "Тез жардам" автоунаасын жөнөттү.

Өзбекстанда декабрь-январь айларындагы катуу сууктан улам газ жана электр энергиясы көп жерде өчүрүлүп, өлкө энергетикалык каатчылыкка туш болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG