Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:39

Facebook жана Instagram акы төлөнүүчү верификация кызматын киргизүүдө


Meta компаниясы Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө акы төлөнүүчү верификация кызматын киргизүүдө.

Компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг билдиргендей, Meta Verified кызматы аккаунттун аныктыгын көк белги менен тастыктайт, чабуулдардан коргойт жана колдоо кызматына түз байланышууга мүмкүндүк берет.

Акы алынуучу верификация 18 жаштан өткөндөргө берилет. Баасы онлайн сатып алгандарга айына $11,99, мобилдик тиркеме аркылуу сатып алгандарга айына $14,99 турат.

Кызматты алуу үчүн колдонуучу тек-жайын тастыктаган документ көрсөтөт, анын реквизиттери аккаунттагы маалыматка дал келиши керек. Верификациядан кийин колдонуучунун аты-жөнүн, туулган күнүн же сүрөтүн кайра текшерүүсүз өзгөртүү мүмкүн болбой калат.

Бул аптада жаңы функция Австралия менен Жаңы Зеландияда, андан кийин башка өлкөлөрдө ишке киргизилет.

Акы төлөнүүчү верификация кызматын былтыр ноябрда Твиттер киргизген.

Өткөн жылы Meta компаниясынын акциялары 70 пайыздан ашык төмөндөгөн. Компания өзүнүн тарыхында биринчи жолу колдонуучуларынын саны кыскарганын билдирди.

Компания жакында Фейсбуктун күнүмдүк колдонуучуларынын саны биринчи жолу эки миллиардга жеткенин жарыялады.

Верификация буга чейин коомдук-саясий ишмерлердин, белгилүү кишилердин аккаунттарына берилчү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG