Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Дамасктагы аба соккусунан кеминде 15 киши каза болгону кабарланды


Аба соккусунан кийин тартылган сүрөт.
Аба соккусунан кийин тартылган сүрөт.

Дамаск жана анын айланасына жасалган аба соккусунан кеминде 15 киши каза болду, арасында карапайым тургундар да бар экенин Сириянын мамлекеттик SANA агенттиги Коргоо министрлигине таянып билдирди.

Сирия тарап 18-февралдагы аткылоону Израилдин коргонуу күчтөрү жасаганын маалымдап жатат. Коргоо министрлиги ракеталардын көбү атып түшүрүлгөнүн, бирок алардын айрымдары турак жайларга тийгенин кабарлады.

Reuters агенттиги снаряддардын бири Дамасктын борбордук аймагында, белгилүү коопсуздук комплексинин жанына түшкөнүн жазды, бирок чоо-жайы так эмес.

The Guardian ракета Дамасктагы Ирандын маданий борборунун жанына кулаганын кабарлады.

Orient News басылмасы соккулар ирандык жана сириялык аскердик объектилерге жасалганын жазууда.

Адатта Израилдин аскерлери комментарий бербейт, бирок Сириядагы иранчыл топторго сокку урганын буга чейин моюнга алган. The Times of Israel басылмасы аскердик күчтөр Ливандагы "Хезболла" радикал тобуна курал-жарак жөнөтүүгө каршы сокку урулганын кабарлоодо.

Израилдин расмий өкүлдөрү Иранды февралдын башындагы зилзаладан кийин гуманитардык жардамга жамынып "Сириядагы жихадчыларга аскердик жүк жеткирип жатат" деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG