Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:31

Талас: Апрель ыңкылабынын катышуучулары акцияга чыгышты


Талас. 2023-жылдын 20-февралы.
Талас. 2023-жылдын 20-февралы.

20-февралда Таласта өздөрүн Апрель ыңкылабынын катышуучулары деп тааныштырган топ өлкө жетекчилигине кайрылып, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга кайтышына каршы экенин билдирди. Алар Бакиевдин өлкөгө кайтып келишине жол берилсе "туруксуздук жаралат" деген кооптонуусун айтышты.

“Бакиевдин колу канга баткан. Эмне менен жуусаң да кетпейт, акталбайт. Канчалаган энелер, келиндер сыздап отурат”, - деди “Баатырларга таазим” коомдук бирикмесинин төрайымы Кишимжан Таштекеева.

Нааразылык акциясына жалпысынан 15 чакты киши чыкты.

18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго отургузганын Фейсбук баракчасына жазган. Мындай кадамга эл-жердин ынтымагын ойлогону үчүн барганын түшүндүргөн.

"Албетте, биринин артынан бири келген мурдагы өлкө башчылары ачуу кептерди айтышты. Көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүштү. Кетирген кемчиликтерин моюндарына алышты. Эң башкысы, алар бири-бирин кечире билишти. Менин да көздөгөн максатым ушул эле. Ой-кыялым - ошол ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары, жалпы жети дубан калкыбыз, бир багытка баш коюп, саясатты таштап, бир дем менен улуттун өнүгүүсү, экономикасы деп ой жүгүртүү эле", - деген Жапаров.

Социалдык түйүндөргө комментарий жазгандар мурдагы президенттер арасынан Бакиев гана өлкөгө келе албай жүргөнүн, Дубайдагы жолугушуудан кийин ага жол ачылышы ыктымал экенин белгилешкен.

20-февралда президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбукта билдирүү таратып, “Мурдагы президенттердин кайсыл бирин мыйзам жоопкерчилигинен бошотуп, аларды өлкөгө кайтарып келүү жөнүндө сөз айтылган жок”, - деп билдирди.

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда кезектеги ыңкылап болгон. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык башкарууга айыптаган митингдер өтүп, натыйжада 90дой адамдын өмүрү кыйылган. Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Беларуста жашап келет.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча Курманбек Бакиевдин жеке өзүнө жана жакындарына каршы он чакты факт боюнча айып тагылган, мурдагы президент өзү сыртынан жалпысынан 30 жылга эркинен ажыратылган. Башкы айып 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алганы боюнча. Иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Апрель окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Бакиевдер коюлган айыптарды четке кагып келишет.(MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG