Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:09

Орусия Стратегиялык чабуул койчу курал тууралуу келишимге убактылуу катышпайт


Путиндин кайрылуусу. Москва. 21-февраль, 2023-жыл
Путиндин кайрылуусу. Москва. 21-февраль, 2023-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга жасаган жылдык кайрылуусунда Москва Стратегиялык чабуул койчу курал тууралуу келишимден ("СНВ-3") убактылуу чыгып жатканын жарыялады. Мамлекет башчы Батышты «өлкөнүн стратегиялык авиациясынын базаларына сокку уруу аракетине» тиешеси бар деп айыптап, келишимге ылайык НАТОнун мүчөлөрү Орусиянын өзөктүк жайларын текшерүүнү көздөгөнүн, бирок ушу тапта ал мүмкүн эместигин билдирди.

Президент Москва "келишимден чыкпаганын, ага катышуусун убактылуу токтотуп жатканын" белгиледи.

Путин Коргоо министрлиги жана "Росатом" өзөктүк куралды сыноого даяр болууга тийиш экенине токтолуп, бирок "Орусия биринчи болуп сокку урбайт" деп айтты.

"АКШ сыноо жүргүзсө, биз дагы сынайбыз", - деди ал.

Сөз болгон документке АКШ менен Орусия 2010-жылы кол койгон. Ал 2021-жылы узартылгандан кийин 2026-жылга чейин иштемек. Келишимде тараптардын өзөктүк стратегиялык куралынын арсеналын чектөө каралган.

Былтыр августта орус Тышкы иштер министрлиги Москва атомдук жайларын Вашингтондун инспекциясынан убактылуу чыгарганын билдирип, себеп катары "Американын кас саясатын", пандемия учурунда түз аба каттамы болбогонун көрсөткөн.

Январда АКШ Орусия текшерүүчүлөрүнө бөгөт койгонун жана ортодогу маселелерди талкуулоодон баш тартканын айыптаган. Вашингтон орус тараптын инспекциясы үчүн тоскоолдуктар жок экенин маалымдаган.

21-февралдагы кайрылуусун Путин Орусия Украинага каршы согуш ачкандыгынын бир жылдыгын утурлай жасады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG