Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:40

Кыргызстандагы жыгачты ЕАЭБден сыртка чыгарууга салынган тыюу узартылды


Жыгач материалдары. Иллюстрациялык сүрөт.
Жыгач материалдары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы жыгач материалдарды жана курулуш тактайларын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдөн башка жакка чыгарууга салынган убактылуу тыюу узартылды. Бул тууралуу Министрлер кабинети токтом кабыл алганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Тыюу 2022-жылдын 1-августунда алты айлык мөөнөт менен киргизилген. Токтомдун мөөнөтү 2023-жылдын 14-февралында бүтмөк. Токтом 15-февралдан тартып дагы алты айлык мөөнөткө узартылды.

Экспорттук чектөө Орусиядан гана келген жыгачтарга эмес, бардык өлкөлөрдөн ташылып келген товарларга жайылтылат. Мунун максаты Орусиядан келген жыгач материалдарынын үчүнчү өлкөлөргө жапырт ташылып кетүүсүн алдын алуу менен түшүндүрүлдү. Мындай жарым жылдык чектөөлөр мурда да киргизилип келген.

Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн 2022-жылдын 16-мартындагы токтому менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге иштетилбеген жыгачтарды ташууга жылдык квота бекитилген. Аталган товар союздаш мамлекеттерге темир жол транспорту аркылуу гана ташылып кетиши керек.

Орусияга Кыргызстанга токой материалдарын жана жыгач материалдарын экспорттоо үчүн жылына 29680 куб метр квота койгон. Бул сыртка реэкспорт болбосо алатоолуктардын муктаждыктарын керектөөгө жетет.

21-декабрда “Клооп” басылмасынын сайтына “Кыргызстан Беларуска Евробиримдиктин санкцияларын кыйгап өтүүгө кантип жардам берүүдө” деген иликтөө жарыяланган. Анда иликтөөчү журналисттер Беларустун жыгачы Кыргызстан жана Казакстандын атынан Евробиримдиктин аймагына экспорттолуп жатканын аныкташкан. Евробиримдик аймагына Беларустун жыгачын импортоого тыюу салгандан кийин аны Кыргызстандын документтери менен ташып кирүү 18 миң эсе көбөйгөн.

Иликтөөдөн кийин Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдирүү таратып, 2022-жылдын август айынан бери өлкөдөн жыгач материалдары Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) тышкары эч жакка чыгарылбай жатканын билдирген эле. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG