Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Батыш Путиндин стратегиялык келишимден чыгуу чечимин айыптады


АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Архивдик сүрөт.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Архивдик сүрөт.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Москванын Стратегиялык чабуул койчу курал жөнүндөгү келишимден убактылуу чыгып жатканы тууралуу билдирүүнү «өкүнүчтүү жана жоопкерчиликсиз кадам» деп атады. Блинкендин айтымында, Вашингтон Орусиянын аракеттерине жакындан байкоо салып, өзүнүн жана өнөктөштөрдүн коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүүгө даяр турмакчы.

АКШнын башкы дипломаты ошондой эле Москва менен курал-жаракты чектөө тууралуу сүйлөшүүлөргө кайтууга ар дайым даяр экенин белгиледи.

21-февралда орус президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга жасаган жылдык кайрылуусунда анын өлкөсү Стратегиялык чабуул койчу курал тууралуу келишимден убактылуу чыгып жатканын жарыялаган. Андай чечимге НАТОнун өлкөлөрү Орусиянын Украинада «стратегиялык утулушун» көздөгөнү алып келгенин билдирди.

Путиндин билдирүүсүн НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг да айыптап, Орусия эл аралык коопсуздуктун архитектурасын атайлап бузуп жатканын билдирди. Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррелдин айтымында, Москва «кансыз согуш» аяктагандан кийин орногон коопсуздук системасын кыйратып жатат. Ушундай эле дооматты Путин шейшемби күнкү кайрылуусунда Батыштын дарегине айткан.

Сөз болгон документке АКШ менен Орусия 2010-жылы кол койгон. Ал 2021-жылы узартылгандан кийин 2026-жылга чейин иштемек. Келишимде тараптардын өзөктүк стратегиялык куралынын арсеналын чектөө каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG