Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Өзгөндө бир үйдөн үч наристе иске ууланып чарчап калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөндө бир үй-бүлөдөн үч наристе иске ууланып чарчап калганын Ош облустук милициясынан “Азаттыкка” 22-февралда билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 3-февралда Мырзаке айылында болгон.

Төрт, үч, бир жашар кыз жана алардын 26 жаштагы апасы өз үйүндө көмүрдүн исине ууланып калышкан. Келин аман калып, ооруканага түшкөн, ал эми кыздарын сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Милиция күбөлөрдү сураштырып, териштирүү баштаган. Туугандары арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан. Натыйжада, кылмыштын курамы аныкталбагандыктан, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин “жосунда кылмыш курамы болбогондо” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Кышкысын иске ууланып же электр жылыткычынан чыккан өрттөн каза болгондор Кыргызстанда буга чейин да катталып келген.

XS
SM
MD
LG