Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Евробиримдиктен былтыр миллионго жакын адам башпаанек сурады


Европа Биримдигинин желеги.
Европа Биримдигинин желеги.

Европа Биримдигине 2022-жылы миллионго жакын чет элдик жаран башпаанек сурап кайрылды. Бул сан 2015-2016-жылдардагы качкындар кризисинен берки эң чоң көрсөткүч.

Евробиримдиктин Башпаанек маселеси боюнча агенттигинин баяндамасына ылайык, былтыр шаркеттин 27 өлкөсүнө, ошондой эле Норвегия менен Швейцарияга 966 миң арыз түшкөн. Бул эсепке 4 миллиондон ашык украиналык качкын камтылбайт, алар убактылуу коргоого алынган.

Европага агылгандардын көбү - 130 миңден ашууну өлкөсүндөгү тынч эмес жашоодон качкан сириялыктар. Талибдердин бийлигинен безген оогандыктар 129 миңге чамалайт. Түркиядан келгендер 55 миңди түздү. Алар мындай кадамга өз өлкөсүндөгү кымбатчылык менен "демократиялык артка чегинүүнү" себеп кылып көрсөтүшкөн.

Европалык агенттик башпаанек издегендердин көбү чөлкөмгө саякат визасы менен келсе, кээ бирлери деңиз аркылуу мыйзамсыз өтөрүн маалымдады.

Чөлкөмдө жашоону каалагандардын арасында венесуэлалыктар, колумбиялыктар, бангладештиктер, тунистиктер, египеттиктер жана грузиндер да көбөйгөн.

2022-жылы башпаанек издегендердин 4% жакыны балдар экени белгиленет.

Ассошиэйтед Пресс агенттиги чет элдиктер башкалка сурап арыз берген мамлекеттердин сап башында Германия, Франция, Испания, Австрия жана Италия турарын жазды.

Европадан былтыр башпаанек сурагандардын 600 минден көбүнүн арызы каралып, алардын 40% качкын макамы берилген.

XS
SM
MD
LG