Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Оор кылмышка айыпталган кыргызстандык Испаниядан алып келинди


Колуна кишен байланган киши. Иллюстрациялык сүрөт.
Колуна кишен байланган киши. Иллюстрациялык сүрөт.

Испаниянын Юстиция министрлиги Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын оор кылмыш жасагандыгы боюнча издөөдө жүргөн айыпкерди экстрадициялоо тууралуу суроо-талабын канааттандырды. Бул тууралуу негизги көзөмөл мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, айыпталуучу 2021-жылы бир жаранды бычактап, ден соолугуна оор зыян келтирип, өлкөдөн качып кеткен. Ага карата укук коргоо органдары эл аралык издөө жарыялап, Испаниянын Мадрид шаарында кармалган.

Шектүү 2023-жылдын 22-февралында Башкы прокуратуранын тапшырмасы боюнча Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан Бишкекке алынып келинди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG