Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:58

Бишкек-Торугарт жол каттамы толук ачылды


Бишкек-Торугарт автоунаа жолу.
Бишкек-Торугарт автоунаа жолу.

Бишкек-Торугат жолундагы кар көчкү атып түшүрүлүп, каттам толук ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Нарын гидрометеорология борбору жол каттамынын 301-306-чакырымында (Кара-Үңкүр капчыгайы) майда кар көчкү түшүү коркунучу дагы эле бар экенин эскертет. Мындан улам автоунааларды 500 метр аралыкты сактоо сунушталат. Нарын аймагында аба ырайы турукташып, өзгөчө кырдаал режими алынды.

16-19-февраль күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында калың кар түшүп, ашуудагы жолдор жабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир нече күн кар көчкүлөрдү атып түшүрүп, жолдорду тазалады.

ӨКМ жол тайгак болуп, муз тоңот жана машинелердин ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарылдыгын эскертип жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG